Пример HTML-страницы

ОшТУда эки факультеттин бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанаттуу иш-чара уюштурулду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш технологиялык университетинин кибернетика жана маалыматтар технологиялары факультетинин жана энергетика факультетинин бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанаттуу иш-чара өттү.

Салтанат университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Ж.Мамытов, кибернетика жана маалыматтар технологиялары факультетинин деканынын милдетин аткаруучу М.А. Арзыбаева жана энергетика факультетинин деканынын милдетин аткаруучу Н.А. Мурзакуловдун куттуктоо сөздөрү менен башталды. Алар бүтүрүүчүлөргө ийгиликтүү карьера жана жаңы билимге тынымсыз умтулуусун каалашты.

Бүтүрүүчүлөргө окуудагы, илимдеги жана коомдук ишмердиктеги мыкты жетишкендиктери үчүн ардак грамоталар, мыкты окуган бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды. Биринчи курстун студенттери бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, ийгиликтерди каалашты. Ата-энелер да окутуучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Иш-чара ыр-бийлер менен чакан концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE