ОшТУда абитуриенттерди кабыл алуу башталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш технологиялык университетинде абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун биринчи туру башталды.

Быйылкы окуу жылында абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлөт. Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди «Абитуриент онлайн» электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz аркылуу тапшырат.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу беш этапта жүргүзүлөт.

ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү:

  • I тур – 15-июль саат 8:00дөн 17-июль саат 14:00гө чейин;

    Пример HTML-страницы

  • II тур – 22-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;

  • III тур – 29-июль саат 8:00дөн 3-август саат 14:00гө чейин;

  • IV тур – 5-август саат 8:00дөн 10-август саат 14:00гө чейин.

  • V тур – 12-август саат 8:00дөн 17-август саат 14:00гө чейин.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Ош технологиялык университетине иш сапары менен келип, кабыл алуу өнөктүгүнүн 1-турунун ачылышы жана жүрүшү менен таанышып чыкты. Ал ОшТУнун кабыл алуу комиссиясынын ишмердүүлүгүн, абитуриенттердин билдирүүлөрүнүн агымын, жалпы республикалык тесттин талондорунун жыйналышын жана «Абитуриент онлайн» электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасынынын иштөөсүн текшерди.

Бүгүн, 15-июлда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 1-туру башталды.

1) сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо — 15-17-июль;

2) сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо — 17-июль саат 14:00;

3) окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу — 18-июль саат 10:00гө чейин;

4) абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу — 18-20-июль саат 16:00гө чейин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️