ОшТУда абитуриенттер тесттик сынак тапшырышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжине абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру жыйынтыкталып, абитуриенттер кыргыз тилинен сынак тапшырышты.

ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжи Кыргызстандагы ири колледждердин бири. Колледждин бүтүрүүчүлөрү компьютерди колдонуучу мамлекеттик башкаруу органдарында, программалык камсыздоону иштеп чыгуучу жана колдонуучу, эсептөө техникасын оңдоо жана тейлөө боюнча адистештирилген ишканаларда, программа менен жабдуу, маалыматтар базасын түзүү керек болгон түрдүү менчиктеги мекеме-ишканаларда, электр тармактарында, автомобиль унааларын ондоо жана аларды техникалык жактан тейлөө борборлорунда, радио электрондук жана телерадио нурларын кабыл алуучу аппаратуралар түзүмдөрүндө, жеңил өнөр-жай тармактарында, орто мектептерде жана орто кесиптик окуу жайларда, тоо-кен иштетүүчү ишканаларда жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу бардык түзүмдүк курамдарында иштешет.

ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжине абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру 30-июлда башталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️