ОшТУ Өзбекстандагы жогорку окуу жайлары менен кызматташуусун кеңейтет 

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш технологиялык университетинин ректору, профессор Ж.Ж.Турсунбаев жетектеген делегация Самарканд шаарындагы «Жибек жолу» эл аралык туризм жана маданий мурас университетинде өтүп жаткан Өзбекстандын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун экинчи форумуна катышууда.

Форум катышуучуларды жана конокторду куттуктоо, ошондой эле аталган университет тарабынан даярдалган көргөзмө менен тааныштыруу менен башталды. Иш-чарага эки өлкөдөн 100гө жакын жогорку окуу жайлардын делегациялары катышууда.

Эл аралык форумдун алкагында ОшТУнун ректору, профессор Ж.Ж.Турсунбаев ОшТУнун эл аралык билим берүү жана илим мейкиндеги чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар жана мекемелер менен кызматташтыктары тууралуу кеңири маалыматты алып чыкты. Бардык университеттерди ОшТУ менен кызматташууга чакырды.

Форумдун жүрүшүндө Самарканд архитектура-курулуш университети, Навои мамлекеттик тоо кен университети жана Термез инженердик-технологиялык институту менен эки тараптуу эл аралык кызматташуу меморандумдарына кол коюшту. Анда окуу процесси, илимий иштер, эл аралык долбоорлордо биргеликте кызматташуу туурасында макулдашышты.

Мындан сырткары форумдун жүрүшүндө И.Каримов атындагы Ташкент мамлекеттик техникалык университети биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча макулдашты.

Пример HTML-страницы

Форум панелдик сессиялардагы баяндамалар жана талкуулар менен уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️