ОшТУ Өзбекстандагы окуу жайлар менен биргеликте күндөн энергия алчу панель курууну жайылтат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш технологиялык университетинен делегация Андижан айыл чарба жана агротехника институнуна тажрыйба алмашуу иш сапарына барды.

Делегацияны профессор, ректор Жанболот Турсунбаев өзү жетектеп барып, илимий потенциалды жогорулатуу, кош билим берүү, тажрыйба алмашуу, эл аралык рейтингге чыгуу боюнча бир катар маанилүү маселелерди талкуулады.

60 жылдык тарыхка ээ Андижан айыл чарба жана агротехника инситуту тамак-аш коопсуздугун чечүү, түшүмдүүлүктү арттыруу, заманбап чарба куруу, жашылча- жемишти өстүрүү, жыйноо, сактоо, кайра иштетүү, транспортировкалоо, экспорттоо боюнча Өзбекстанда орду бар, өнүгүү темпи жигердүү окуу жай. Өз каражатына 700 миң доллар наркта күндөн энергия алуучу панель орнотуп, окуу жайды толук камсыздап, шаардык мекемелерге да электр энергиясын таратууга жетишкен.

Кыргызстандын түштүгүндөгү жалгыз технологиялык багыттагы жана энергетика адистигин даярдоочу жогорку окуу жай катары ОшТУ жакынкы район, шаарларга энергетика менен камсыздоону колго алуу миссиясын ишке ашырууда аталган окуу жайдын тажрыйбасы пайдалуу болду.

ОшТУ 2025-жылы Корея мамлекетинин колдоосу менен 20 кВт күн панелдерин куруу иштерин жыйынтыктайт. Мындан сырткары мехатроника, робототехника, айыл чарбасында курулуш жана тейлөө, эл аралык талап-суракка ээ болгон илимий эмгектерди авторлошуп, иликтеп, жарыялоо тууралуу макулдашуулар жүргүзүлдү.

Пример HTML-страницы

Андижан тарап Ош облусунда Корея ЖОЖдоруна, магистратура, докторантурага жөнөтүү борбору Ош технологиялык университетинде жайгашкандыгына кызыгуусун билдирип, окутуучуларын Корея мамлекетине билим алууга жөнөтүүгө кызыкдар экендигин билдирип, 3 окутуучусуна сунуш берди.

Рсмий жолугушуудан соң 2 университеттин 40 жаштан өткөн окутуучуларынын ортосунда волейбол боюнча достук мелдеши өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️