ОшТУ Красноярсктагы Решетнев университети менен кызматташат

TurmushОш технологиялык университети менен Решетнев университети илимий-изилдөө жана билим берүү тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Ош технологиялык университетинин өкүлдөрү — бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын доценти К. Мамашов, менеджмент кафедрасынын окутуучусу З.М. Тарыкчиев жумушчу иш сапары менен Красноярск шаарындагы Решетнев университетинде болушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланып, узартуу мүмкүнчүлүгү менен беш жылга келишим түзүлдү.

«Келишимде биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган. Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен терең кызматташмакчы», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️