Пример HTML-страницы

ОшТУ Андижан машина куруу институту менен эл аралык конференция өткөрдү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш технологиялык университети Андижа машина куруу институту жана Өзбекстан улуттук метрология институтунун Андижан филиалы, Алматы технологиялык университети (Казакстан) «Метрологиянын азыркы көйгөйлөрү жана аларды учурдагы өнөр жай өндүрүштүк тармактардын жана илимий өнүгүүнүн ааламдашуу шарттарында чечүүнүнүн жолдору» аттуу эл аралык конференциясын биргеликте уюштурушту.

Аталган иш-чарага ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев жетектеген делегация, курамында: окуу иштери боюнча проректор У.Ж.Мамытов, факультеттердин жетекчилери — Н.Мурзакулов, А.Атабеков, М.Арзыбаева, бөлүм башчылар — Н.Кадырбек кызы, Ш.Маразаков жана университеттин илимпоз окутуучулары жана кызматкерлери — Э.Каримов, А.Маматкасымова, Г.Тойчубекова, А.Таштемирова, В.Маралова, Б.Мырзакулова, У.Баатырова, Ф.Жыргалбай кызы, М. Абдыкадырова, Ш.Ибраимова, Ө.Жанибек кызы, А.Акмырзаева, Г.Артыкбаева, А.Өмүрбек кызы, Г.Садыбакасова, М.Билал кызы, А.Алиева, Асылай Акматалиевалар катышууда.

Конференциянын жүрүшүндө кызыктуу илимий баяндамалар жасалууда. Конференцияны алкагында университеттин жетекчилиги «Маалымат системалары жана технологиялары», «Электроэнергетика жана электротехника», «Мехатроника жана робототехника», «Транспорттук процесстеринин технологиясы», «Экономика» багыттары боюнча биргелешкен диплом берүү боюнча макулдашты жана жакынкы күндөрү келишимге кол коюуга да ниеттерин билдиришти.

Иш-чарада окуу иштери боюнча проректор У.Мамытов, факультеттин жетекчилери — Н.Мурзакулов, А.Атабеков, М.Арзиматова, Андижан машина куруу институтунун окуу иштери боюнча проректору С.Р.Алиев жана тиешелүү факультеттердин жетекчилиги менен биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча жумушчу жыйындарды өткөрүштү.

Университетти делегациясы аталган институттун материалдык-техникалык базасы жана окуу процесси менен да кеңири таанышып чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE