Пример HTML-страницы

Оштогу жол тескөөчүлөр жарандарды сак болууга чакырды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун аймагында 2023-жылдын 2 айында жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 9 адам каза болду.

Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 2023-жылдын январь жана февраль айларында 97 жол-унаа кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 9 жаран каза болуп, 176 жаран денелеринен ар кандай жаракат алды.

«Мындан улам Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат. Ал эми жөө жүргүнчүлөрдү жолдо өтүп бара жатканда уюлдук телефонго алаксыбай, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн гана өтүүнү суранат. Соңку учурларда жарандардын ар кандай гаджеттерге азгырылып, жол-унаа кырсыгынын болуусуна себеп болуп калган учурлар кездешип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE