Turmush — Бүгүн, 13-январда ур-токмокко алынды делген 33 жаштагы жарандын жакындары Ош шаардык клиникалык ооруканасынын алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Буга чейин Turmush Ош шаарында 33 жаштагы жигит сабалып, анын кесепетинен жаагы, мурду сынып, жамбашына бычак сайылганын жазган. Жаңжал Кара-Кулжа районунун Чалма айылында болгон улак оюнунда чыккан.
Чогулган жарандардын айтымында, кылмышка шектелген эки жаран — Т.Т. менен И.Э. Ош шаардык клиникалык ооруканасына негизсиз эле жаткырылды. Учурда Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан А.Б.нын жубайы жолдошун урган жарандар кылмышын жашыруу максатында шаардык ооруканага жатканын кошумчалады.
Милиция А.Б.ны ур-токмокко алган эки шектүүнү кармаган.
Ал эми шектүүлөрдүн жакындары Ош ШИИБдеги айрым кызмат адамдарын айтыптоодо. Ошондой эле алар мушташты А.Б. өзү баштаганын, алардын балдары коргонуу максатында мушташканын белгилешти.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2025-жылдын 9-январында саат 16:10 чамасында Ош шаарынын Раззаков көчөсүндө жайгашкан И.Раззаков атындагы эс алуу багынын алдында Ош шаарынын тургуну А.Б.ны белгисиз жарандар эч бир себепсиз уруп сабап, миздүү буюм менен дене бөлүктөрүнө сайып, жаракат келтиришкен. Анын кесепетинен А.Б. денесинен алган жарааттан улам Ош шаардык ооруканасына кайрылган.
Бул факты боюнча 2025-жылдын 9-январында Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына каттоого алынган. Ал эми 10-январь күнү тергөөгө чейинки текшерүү иши Ош ШИИБдин тергөө кызматына жиберилип, кылмыш иши козголгон.
Жабырлануучу А.Б. денесинен алган жарааттан улам жаагы сынып, Ош облустар аралык ооруканасында операция жасалып, бычак менен жараат алган жери тигилип дарыланууда.
«Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Б.га жаракат келтирген жарандардын өздүгү такталган. 2025-жылы 11-январь күнү Т.Т., И.Э. жана К.К.ны тергөө кызматына камсыз кылуу үчүн алардын жашаган дареги боюнча тергөөгө чакыруу барагы берилип, бирок алар тергөөгө келген эмес. Жогорудагы атуулдарды тергөөгө камсыз кылуу максатында тергөө кызматы тарабынан мажбур түрдө алып келүү жөнүндө токтом чыгарылып, атайын тапшырма берилген.
Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө ооруканадан кабар келип түшкөн. Анда 2025-жылдын 11-январында саат 14:00 чамасында Ош шаарынын тургуну Т.Т жана И.Э. денесинен жараат алып, Ош шаардык ооруканасына кайрылганы айтылган.
Т.Т. менен И.Э.ни тергөөгө камсыз кылуу максатында мажбур түрдө алып келүү жөнүндө токтомдун негизинде алар жаткан Ош шаардык ооруканасынан алардын денесинен алган жарааттын оордук даражасы тууралуу тактама суралган. Аларды кабыл алган нөөмөттөгү дарыгерлер ооруканадан сырткары алып чыгарууга болбой турганын, оор абалда экендигин билдирип, ооруканада тергөө амалдарын жүргүзүүгө боло турганын маалымдашкан.
Ош ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү К.Иминов ооруканага келип, Т.Т., И.Э.ге ооруканада жаткан жеринен жактоочусунун катышуусунда сурак кылынган. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренеси (шектүүнү кармоонун тартиби) жана 98-беренесинин (кармалганды жеке тинтүү) негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизүү токтому чыгарылып, ооруканада атайын дарылануучу бөлмөгө Ош ШИИБдин коштоп жүрүү взводунун кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынган.
Бүгүн, 13-январда Ош шаардык соту тарабынан шектүүлөрдүн бөгөт коюу чарасы каралат», — деп айтылат милициянын маалыматында.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.