Оштогу түнкү клубга барган кыз дааратканада сабалган. Окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы түнкү клубда кыздар арасында жаңжал чыгып, бири ур-токмокко алынган. Эки айыпталуучуга сот өкүм чыгарып, алар 3 жылга пробациялык көзөмөлгө алынды.

Айыпталуучу Азира (аты өзгөртүлдү, А.к.А.) Нарын шаарында туулган, орто билимдүү, бойдок, мурда сот жообуна тартылган эмес, убактылуу иштебейт.

Айыпталуучу Нуркыз (аты өзгөртүлдү, Т.к.Н.) Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында туулган, орто билимдүү, бойдок, мурда сот жообуна тартылган эмес, убактылуу иштебейт.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, кылмыш ишке себеп болгон окуя 2023-жылдын 16-августунда саат 01:30 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан «Скай бар» түнкү клубунун дааратканасында болгон. Азира мас абалда болгон. Ал жабырлануучу Сабира (аты өзгөртүлдү, С.К.) менен өз ара пикир келишпестиктен коомдук жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин одоно түрдө бузган. Бейбаштыктан улам Сабираны колу менен чачынан тартып жерге жыгылтып, Нуркыз менен биргеликте буттары менен көкүрөк тараптарына тепкилешкен. Андан соң Азира жерде жаткан учурда анын сол көзүнө буту менен тээп, денесине жараат келтиришкен.

  • Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабыралануучунун ден соолугуна анча оор эмес залал келгендиги аныкталган.

Айыпталуучулар Ош шаардык сотунун 2023-жылдын 22-декабрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл (пробация) колдонулуп, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн бошотулган.

Пример HTML-страницы

Айыпталуучулардан жабырлануучунун пайдасына моралдык залалдын ордун толтуруу үчүн 100 000 сом өндүрүлгөн.

Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын 2024-жылдын 1-апрелиндеги өкүмү менен Ош шаардык сотунун 2023-жылдын 22-декабрындагы өкүмү өзгөртүүсүз, айыпталуучулардын жана жабырлануучунун жактоочусунун апелляциялык даттануулары канааттандыруусуз калтырылган.

Жыйынтыгында Жогорку соттун 2024-жылдын 26-июнундагы токтому менен Ош шаардык сотунун жана Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын өкүмдөрү өзгөртүлдү. Айыпталуучулардын жаза өтөө мөөнөтү 2024-жылдын 1-апрелинен баштап эсептелинди. Соттук актылардын калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылды.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️