Оштогу тургунду тоногон шектүү Чаткалга качып кеткен

TurmushОш шаарындагы тургунду тоногон шектүү адам кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, шектүү Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 25-март күнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда колго түшүп, Ош шаарына алынып келди. Шектүү — 1981-жылы туулган К.А. мурда соттолгон, эч жерде иштебейт, үй-бүлөсү жок, ажырашкан. Ал Оштогу Чоӊ-Алай районунун тургуну экени аныкталды.

«Шектүү 23-март күнү Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө жайгашкан чоӊ көпүрөнүн алдында 1975-жылы туулган жабырлануучуну коркутуп, ага таандык болгон паспортун, айдоочулук күбөлүгүн жана баасы 8000 сомдук «Редми» үлгүсүндөгү телефонун тартып алган. Андан соӊ Чаткал районундагы жакын тууганынын үйүнө качып кеткен. Учурда ал Оштогу борбордук базардын аймактарындагы ушул сыяктуу кылмыштарга шектелип жатат. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️