Оштогу тургундар «Эмаком» курган үйлөр боюнча өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 23-июлда АКИпресс-Ошто Ош облусунун тургундары маалымат жыйын өткөрдү.

Алардын айтымында, «Эмаком» курулуш компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунан үй алышкан. Бирок алар алган үйлөр азыркы убакка чейин курулуп бүтө элек. Айрым объекттердин пайдубалы да түптөлө элек.

Кара-Суу шаарынын тургуну Адалат Жолдошова эл ашар жолу менен «Эмакомдун» үйүн куруп баштаганда компаниянын директору келип, ишти токтотконун айтат.

«Биз «Эмакомдун» Ош шаарында курулуп жаткан үйлөрүнөн алганбыз. Эл өз күчүбүз менен бир үйүн куруп жатсак, Эмил Рамидинович [«Эмаком» курулуш компаниясы» ЖЧКнын директору Эмил Жусупов] келип, «бүт баарын өзүм бүтүрүп берем, кепилдикке өзүм турам» деп убада берген эле. Бирок ошондон бери жок, таппай жүрөбүз. Ушул үйдү алам деп биздин уул-кыздарыбыз миграцияда жүрүшөт. «Ушул компаниянын үйүнөн алып, үйлүү болуп калайын» деп батирдин 100 пайыз, 90 пайызын акчасын төккөндөр бар. Азыркы учурда толугу менен иш токтоп калды», — деген Жолдошова президент Садыр Жапаровдон, УКМК төрагасы Качыбек Ташиевден маселени чечүүгө жардам сурады.

Маалымат жыйындын дагы бир катышуучусу Маматемин Ормонов да «Эмаком» компаниясынан үй алып, өздөрү батирде жашап жатканын билдирди.

Пример HTML-страницы

«Бала-чакам менен батирде жашап жатам. «Эмаком» компаниясынан үй алабыз деп, акчасын бергенбиз. Бул компаниянын иши жакшы башталган болчу. Бирок азыр башкача болуп калды. Мисалы, мен Ашимахунов көчөсү, №26 дарегинен үй алам деп, акчасынын баарын төлөп койгом. Ошол эле даректин «Б» блогунан үй алабыз деп, акчасынын баарын төгүп койгондор бар. Ошондуктан Эмилден [«Эмаком» курулуш компаниясы» ЖЧКнын директору Эмил Жусупов] суранып кетет элем. Өзү келип, эл менен сүйлөшүп, үйлөрүн бүтүрсүн. «Жаз айларында келип, баарын өзүм бүтүрөм» деп убада берип кеткен. Бирок дагы деле жок. «Үч күндө баарын жолго салып коем» деди эле. Ошол учурда депутаттык мандатын тапшырып келген. Эми бүтүрүп берет окшойт деп ойлогом. Бирок дагы деле жок. Кеңсесинде, көчөдө түнөгөн күнүбүз болду», — деди Ормонов.

Ал эми Эмилбек Жусупов жана компаниянын юристи менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Эмаком» курулуш компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү — Жусупов Мелис Ромидинович, жетекчиси — Жусупов Эмилбек Рамидинович. Компания 2019-жылы 12-февралда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: имараттарды жана турак үйлөрдү куруу.

Мелис Жусупов — Ош шаардык кеңешинин мурунку депутаты («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы).

Мелис Жусуповдун бир тууганы Эмилбек Жусупов — Жогорку Кеңештин мурунку депутаты. 2024-жылдын 22-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясы Эмилбек Жусуповдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай чечимге депутаттын арызы негиз болгон. Э.Жусупов Жогорку Кеңештин депутаты болуп 2021-жылы «Ишеним» партиясынан шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️