Оштогу тургун бак-дарактарын дарылаткандан кийин бал челектеги аарылар кырылып калды

Акыркы жанылыктар

TurmushСоциалдык тармактарда Ош шаарында бал аарылар белгисиз химиялык заттарга ууланып кырылганы тууралуу видео тарады.

Видеодон бал челектерде жана көчөдө өлүп калган аарыларды белгисиз жаран калак менен тазалап жатканын көрүүгө болот. Ал аарылар өсүмдүктөргө колдонулуп жаткан ар кандай химиялык дарылардан улам өлүп калганын айткан. Аталган жаран бир бал челектен болжол менен 3 килограмм, дагы бир челектен 1 килограммдай өлгөн аары табылганын көрсөткөн.

Ал эми Ош шаардык мэриясы Тurmush басылмасына билдиргендей, Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору кайрылуу жасаган жарандын дарегин аныктап, издөө иштерин жүргүздү.

«Аарылардын уулануусу Ош шаарында жалпылык мүнөзгө ээ эмес. Ош шаарынын аймагында аарылардын ууланып өлгөнү боюнча социалдык тармактарда видео жарыяланган. Анын негизинде Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору видеодо кайрылуу жасаган жарандын дарегин аныктап, изилдөө иштерин жүргүзгөн.

Мында багбандар бир жума мурун короосундагы бак-дарактарды дарылаган. Андан кийин бал челектериндеги аарылардын 90%ы кырылып калгандыгы аныкталган. Ал эми жалпы Ош шаарынын аймагында массалык аарылардын уулануусу жок.

Пример HTML-страницы

Тиешелүү кызмат ичүүчү суудан жана ачык каналдан суунун жана жерден топурактын үлгүсүн токсикологиялык лабораториялык изилдөөгө алды. Ошондой эле жашоочуларда жана жаш балдарда кусуу, баш оору, өзүн жаман сезүү сыяктуу учурлар байкалган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️