Оштогу түнкү клубдун алдында сабалган тергөөчүнүн абалы жакшырууда

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында түнкү клубдун алдын сабалып, комага түшкөн тергөөчүнүн абалы жакшырды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча координатору Шаятбек Абдурахманов билдирди.

Анын айтымында, тергөөчү жандандыруу бөлүмүнөн нейрохирургия бөлүмүнө которулду. Учурда дарыланууну улантып жатат.

Буга чейин анын башына операция жасалганы маалымдалган.

———————————————————

Turmush Ош шаарында тергөөчүнү сабоого шектелген 4 жаран кармалганын жазган.

Пример HTML-страницы

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 9-сентябрына караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Ош шаарында жайгашкан «Sky bar» түнкү клубунун алдында 1996-жылы туулган К.М.ны бейтааныш жарандар сабагандыгы боюнча Ош ШИИБге маалымат түшкөн. Аталган билдирүү каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө сабалып, ооруканага түшкөн жаран Ош ОИИБдин Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты К.М. экендиги аныкталган. Анын денесиндеги жараатты аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми окуя боюнча күбө катары эки милиция кызматкери суракка алынган.

Аталган жагдай боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, окуяга тиешеси бар жарандарды аныктоо үчүн тийиштүү кызматкерлерге атайын тапшырмалар берилген. Ошондой эле бул окуя боюнча Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында жогорудагы окуя боюнча шектүүлөр аныкталып, 4 жаран кармалды.

Алар:

— Кара-Суу районунун 2001-жылы туулган тургуну К.А.;

— Кара-Суу районунун 2002-жылы туулган тургуну Т.У.;

— Кара-Суу районунун 2003-жылы туулган тургуну А.А.;

— Ош шаарынын 2001-жылы туулган тургуну К.Э.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, Ош ОИИБдин 1996-жылы туулган кызматкери К.М. оор абалда (кома) Ош шаардык ооруканасына түшкөн.

Кийинчерээк тергөөчүнү сабаган 4 шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, камакка алынганы белгилүү болгон.

Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 11-сентябрындагы токтомдорунун негизинде Ош ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылды.

Кылмыш жаза-кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 12-16-пункттары (бейбаштык максатта, алдын ала бүтүм боюнча ден соолукка оор залал келтирүү) менен шектүүлөр К.Э.Б., А.А.С., К.А.А. жана Т.У.К.га карата бөгөт коюу чарасынын камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, тактап айтканда 2024-жылдын 9-октябрына чейин колдонулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️