Оштогу стадиондо Шайлообек Атазовго берилип кеткен жер мамлекетке кайтарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында башкага берилип кеткен жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, министрликке караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы жер тилкелерди кайтаруу максатында Ош облустук административдик сотуна Ош мэриясынын 2009-жылдын 8-июнундагы №712 сандуу токтомун жараксыз деп табуу жөнүндө административдик доо арыз менен кайрылган. Тактап айтканда Ош шаардык А.Сүйүнбаев атындагы стадиондун жалпы аянты 5,5 гектар аянтынан спорт комитетинде 2002-жылдан 2015-жылга чейин бокс боюнча машыктыруучу болуп иштеген Шайлообек Атазовго стадиондун 84 чарчы метр жер тилкеси мыйзам бузуу менен бектилип берилген.

Иш Ош облустук сотунда 2024-жылдын 25-сентябрында каралып, 84 чарчы метр жер тилке стадиондун эсебине кайтарылды.

Буга чейин 2024-жылдын март айында Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиев Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадионго тиешелүү болгон жерди өз ыктыяры менен мамлекетке кайтаруу боюнча Шайлообек Атазовго кат жөнөтүлгөнүн маалымдаган.

Анын айтымында, учурда стадионго тиешелүү жерлерди бошотуу иштери жүрүп жатат.

«Бильярд, салон боюнча жерди алмашуу процесси жүрүп жатат. Ээлери өздөрү бузуп, алып чыгып кеткенге даяр. «Топ спорт» дүкөнү жана пирожки жасап саткан жерди иштеткендер учурда өзү бузуп жатат. Стадиондун кире беришинде Шайлообек Атазовдун жери бар экен. Аталган жерди өз ыктыяры менен кайтаруу боюнча анын дарегине кат жөнөтүлдү. Стадионго тиешелүү делген жерлерди бошотуу иштери жүрүп жатат. Азырынча тоскоолдуктар жок», — деген Мурзалиев.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️