Оштогу селде сүрөттөрү интернетке тараган айым ким?

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush14-июлда Ош шаарында катталган ири селде жылаңаяк балдарды куткарып жүргөн милиция айымдын сүрөттөрү социалдык тармакка тарап, интернет колдонуучулар тарабынан мактоолорго татыды.

Turmush басылмасына маалым болгондой, ал Ош облустук ички иштер башкармалыгына караштуу милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальону туристик взводунун тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Садокат Ходжамова.

2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин туристтик милицияда иштеп келет.

«Социалдык тармактын жылдызы болгонумду эртеси жумушка келип билдим. Ал күнү шеригим экөөбүз Төлөйкөн тараптагы эс алуу жайларында кызмат ордубузда элек. Эртең менен күн ачык эле болчу. Кокустан келген селде менин ордумда башка кызматкер болсо деле ушул жолду тутмак. Айттырбай келген кырсык болгондуктан «формамды алмаштырып келейин» дегенге болбойт болчу.

Интернет желесинде айрымдары: “Эмне үчүн атайын формасы жок?” деген пикирлерин жазышыптыр. Сел келгенде балдардын апалары шок абалда болгондуктан, бир жагынан энелик сезимим менен балдарды коопсуз жайга жылдырып жүрдүм. Кечке иштеп, үйгө келип, эртеси жумушка барсам эле шилтемелер, билдирүүлөр тынымсыз келип жатты. Ыраазычылыктар, «белегибиз бар эле» дегендер көп болуптур. Мен эле эмес ал күнү баары өз кызматын, милдеттерин аткарып жатышты», — дейт Садокат Ходжамова.

Пример HTML-страницы

Садокат Ходжамова 1993-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Зергер айылында жарыкка келген. Учурда 2 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️