Пример HTML-страницы

Оштогу «Сансара» кафесин жана коммерциялык объектилерди бузуу иштери

Акыркы жанылыктар

Turmush

Ош шаарында «Сансара» кафесин бузуу иштери уланып жатат.

Бүгүн, 30-ноябрга карата, учурда кафе жайгашкан аймакта бузуу иштери жыйынтыктала элек.

Ош шаардык мэриясы билдиргендей, «Сансара» кафеси Султан Ибраимов атындагы Ош облустук театрынын «жашыл» зонасында жайгашкан.

Мындан тышкары аталган тилкеде гүл сатылган коммерциялык объекттер да бузулат. Учурда бузуу иштери уланып жатат.

Буга чейин Turmush Ош шаарындагы «Сансара» кафесин бузуу иштери жүрүп жатканын жазган.

Аталган кафе К.Баялинов көчөсү, 3а дарегинде жайгашкан. Учурда кафенин тосмолору алынып жатат. Ал эми кафенин ээлери тиешелүү документтердин баары бар экенин жана келишимдин негизинде иштеп жатканын айтууда.

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиевдин айтымында, жергиликтүү бийлик менен кафе ээлеринин ортосундагы келишим бир тараптуу жокко чыгарылды.

«Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Ош шаары боюнча архитектуралык курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынан бизге капиталдык курулуш курулганы тууралуу кат келген. Мыйзам чегинде карап чыгып, келишимдер бир тараптуу жокко чыгарылган. Ага чейин жерди мурдагы калыбына келтирүү боюнча эскертүүлөр берилген. Алар аткарылган соң кафени бузуу иштерин аталган башкармалык өзү жүргүзүп жатат», — деди Мурзалиев.

Келишим боюнча кафенин ээлеген жалпы аянты 840 чарчы метр деп көрсөтүлгөн. Бирок учурда анын жайгашкан аянты келишимде белгиленген аянттан көп экени аныкталды.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Ош шаары боюнча архитектуралык курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Руслан Сурахматов аталган аймакка жеңил типтеги курулуш курууга гана уруксат берилгенин, бирок талаптар бузулганын айтты.

«Бул жер мэриянын жери. Буга чейин эскертүүлөр берилип, келишимдер кайтарылган. Аталган жерде объектилер, курулуштар турат. Бирок кулуштардын документтери жок болуп жатат. Мыйзамсыз курулуш, долбоорлор, макулдашуулар жок. Документтер толук кандуу эмес», — деди Сурахматов.

Аталган даректе гүл сатуу үчүн деп курулган дүкөндөр да бузула турганы айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE