Оштогу рейдде 32 мас айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

Turmush15-18-сентябрь күндөрү Ош облусунун аймагында «Жол тартиби» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, рейдге «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкерлери да катышты. Рейд учурунда жалпы жол кыймылынын эрежелерин бузган 750 айдоочу аныкталды.

Алардын ичинен:

— рулду мас абалда башкарган 32 айдоочу;

— ылдамдык эрежелерин бузган 113 айдоочу;

— жол белгилеринин талаптарын сактабаган 235 айдоочу;

Пример HTML-страницы

— атайын убактылуу токтотуучу жайга 45 автоунаа токтотулду.

Учурда Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жол-унаа кырсыктарын алдын алуу максатында күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️