Оштогу оорукананын 12,4 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

TurmushОш шаардык прокуратурасы тарабынан социалдык багыттагы жерлер жана имараттар мыйзамсыз берилгени боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүүдө Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында жайгашкан баасы 12 миллион 450 миң сомду түзгөн жер тилкесин мэрия тарабынан 2007-жылы Б.А. аттуу жаранга мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.

Аталган социалдык жерди кайтаруу боюнча Ош шаардык прокуратурасы мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө мэрияга талап келтирип, жогоруда көрсөтүлгөн жер тилке муниципалдык менчиктин балансына алынды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️