Пример HTML-страницы

Оштогу окуя: 4 балалуу адам түндө өспүрүмдү муунтуп…

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык соту башканын баласын урган адамга карата 27-майда өкүм чыгарды. Turmush басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.

Айыпталуучу Такебай (аты өзгөртүлдү А.Т.Ж.) Кыргыз Республикасынын жараны. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Убактылуу эч жерде иштебейт. Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн батиринде жашайт. Ага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен айып тагылган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Такебай 2024-жылдын 5-майында саат 20:30 чамасында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында 15 жаштагы Баясбекти (аты өзгөртүлдү Б.Б.М.) муунтуп, бир нече ирет ичине уруп, майда бейбаштык жасаган.

Сотто Такебай маалымат берди. Ал күнөөсүн мойнуна албай, 5-май күнү караңгыда көп кабаттуу үйдүн алдына чыгып, жээни менен өзүнүн уулу Билимбекке (аты өзгөртүлдү) «үйгө киргиле, телефон ойнобой, китеп окугула» деп айтып, баласын сөгүп жаткан учурда Баясбек «бул балдарга эмнеге бакырып жатасыз?» деп каяша айтканы үчүн түртүп жибергендигин, бирок ичине урбаганын, мас болгондуктан кайсы жерине түрткөнүн эстей албай калганын айтты.

Сотто жабырлануучу Баясбек 5-май күнү саат 20:20 чамасында көп кабаттуу үйдүн алдында балдар менен телефон ойноп отурган учурда Такебай келип, баласын уят сөздөр менен сөккөндө ага «сөгүнбөй кирип кетиңизчи» деп айтканы үчүн «мага сөз кайтаргандай сен кимсиң?» деп ичине 2-3 жолу уруп, мойнунан муунтуп, түрткөндө аба жетпей жерге отуруп калганын айтты.

Сотто Баястын апасы да маалымат берди. Ал баласынын мойнунда колдун издери болгонун, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүшкөнүн айтты. Такебай бул окуяга чейин дагы мас абалында 1-класста окуган уулу Хажибек (аты өзгөртүлдү) мектептен келе жаткан учурда сумкасына тээп, жосунсуз кылыктарды жасаганын айтып, мыйзам чегинде жаза берүүнү суранды.

Сотто Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмчөсүнүн аймактык тескөөчүсү К.А. да көрсөтмө берди. Окуя 2024-жылдын 5-майында саат 20:30 чамасында болгон. Такебайды милиция бөлүмүнө алып келишкенде аймактык тескөөчү катары аны сурака ала алган эмес. Себеби өтө мас болгон. Эртеси күнү саат 9:00го чакырган учурда дагы мас абалда келгендиктен сурак кыла албай, башка күнгө чакырган.

Соттун өкүмү:

Сот иштин материалдарын карап чыгып, Такебайды Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен күнөөлүү деп таап, 3 суткага камакка алды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE