Пример HTML-страницы

Оштогу негизги көчөдө жылуулук түтүктөрү алмаштырылып жатат. Жолдун бир тилкеси жабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы Курманжан датка көчөсүндө жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, оңдоо иштерине байланыштуу 2-июндан тарта Курманжан датка көчөсүнүн Бөрүбаев көчөсүнөн Г.Айтиев көчөсүнүнө чейинки тилкеси жабылды.

Бүгүнкү күндө Ош шаардык жылуулук электр борбору тарабынан күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн 1-этабы жүрүүдө. Эскилиги жеткен түтүктөр алынып, чоң көлөмдөгү түтүктөргө алмаштырылат.

Ошондой эле №2 троллейбус убактылуу ишин токтотот. Ал эми кичи маршруттук каттамдар жана унаалар жолду айланып, Ленин көчөсү аркылуу эки тараптуу жүрүүдө.

Оңдоо иштери 2-июнда башталып, ушул айдын аягына чейин бүткөрүү планы коюлган. Жаңылоо иштерине 30га жакын жумушчу, 10дон ашык техника тартылды.

  • Маалым болгондой, Ош шаарындагы жылуулук түтүктөрү 1972-жылдары орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE