Оштогу мыйзамсыз курулган 17 көп кабаттуу үй. Курулуштарда таза суу жана жарык өчүрүлүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында архитектуралык-курулуш документтери жана тиешелүү уруксат кагаздары жок курулушу башталган көп кабаттуу үйлөрдү текшерүү боюнча рейд жүрдү. Иш-чара 15-декабрь күнү уюштурулду.

Мэриянын маалыматы боюнча, рейдди Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов жетектеп, ага Ош шаардык архитектуралык, курулуштарды көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы Руслан Суракматов, тиешелүү көзөмөлдөө органдарынын жетекчилеринен турган жумушчу топ катышты.

Рейддин алкагында сот тарабынан каралып жаткан бир катар көп кабаттуу имараттардын курулуш иштери уланып жаткандыгы аныкталып, Ош шаарынын мэриясынын №420 токтомуна ылайык тиешелүү кызматтарга курулушту токтотуу, таза суу жана электр энергиясын өчүрүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

Ош шаардык архитектуралык, курулуштарды көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынан билдиришкендей, учурда Ош шаарынын аймагында тиешелүү уруксат кагаздары жок курулушу башталган 17 көп кабаттуу үйлөрдүн иши сот тарабынан каралууда.

Мыйзамсыз курулуштарды токтотуу боюнча рейддик иш-чаралар улантылат.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ош шаарындагы мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдүн тизмесин жарыялады.

Мамкурулуш билдиргендей, көп кабаттуу үйлөр өз билемдик менен жана уруксат кагаздары жок курулган. Учурда соттук териштирүүлөр жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️