Пример HTML-страницы

Оштогу мектептерде аттестат тапшыруу аземи өтүп, 600 милиционер коопсуздукту камсыздады

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 28-июнда Ош облусунда 481 орто мектепте бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, аттестат тапшыруу аземинде 600гө чукул милиция кызматкери бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздашты. Милиция кызматкерлери бүтүрүүчүлөргө жана ата-энелерге коопсуздук чараларын сактоо боюнча эскертүүлөрдү беришти. Аларга ар кандай оюн-зоокторду уюштуруп, жаратылыш койнунда же башка эс алуучу жайларда кечелерди өткөрүүгө тыюу салынганы эскертилди.

Аны менен катар милиция кызматкерлери ар кандай кокустуктардын алдын алуу максатында коопсуздук чараларын күчөтүп, жаратылыш койнундагы эс алуучу жайларга баруучу автожолдордо 45 пост уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE