Оштогу мектепте жардыруучу зат коюлду деген маалымат тастыкталган жок

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн 2-сентябрь күнү Ош шаарындагы Киров мектебине жардыруучу зат коюлганы боюнча маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга бүгүн саат 13:35 чамасында Киров мектебине жардыруучу зат коюлганы боюнча маалымат келип түшкөн. Ош ШИИБдин жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери мектепке барып, териштирүү иштерин жүргүзүштү. Жыйынтыгында жогоруд айтылган маалымат тастыкталган жок.

Милиция буга чейин Ош шаарындагы №4 С.М.Киров атындагы мектеп-гимназиясында жардыруучу зат коюлган деген маалымат тарап, адамдар эвакуацияланганын кабарлаган.

«Саат 13:33 чамасында жарандар тарабынан С.М.Киров атындагы мектеп-гимназиясында жардыруучу зат коюлганы боюнча 5-милиция бөлүмчөсүнө маалымат келип түшкөн. Учурда Ош ШИИБдин кызматкерлери жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери ошол жерде териштирүү иштерин алып барышууда», — деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️