Оштогу мектеп директору жол маселеси чечилбей жатканын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы №10 В.И.Ленин атындагы орто мектебине баруучу жол окуучуларга кооптуулук жаратып жатат. Бул тууралуу мектеп директору Гүлнар Абдуллаева билдирди.

Анын айтымында, бул маселе боюнча тиешелүү органдарга кайрылганы менен көйгөй чечилбей келет.

«Мектеп 1961-жылы курулган. 520 балага ылайыкталган мектепте 1600 бала окуйт. Биздин мектепке А.Навои жана С.Касымова көчөлөрү аркылуу кирет. А.Навои көчөсүнө Араван районуна каттаган айдоочулар жайгашып алышкан. Аларды жылдыра албай чарчадым. С.Касымова көчөсү болсо тар экенине карабай, унаалар эки тараптуу каттайт. Ал унаалар менен аралашып кичинекей окуучуларыбыз да өтүп жүрүшөт.

Былтыр, 2023-жылы 3-класстын окуучусун унаа коюп кетип каза болгон. Андан кийин Ош шаардык мэриясына, Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул күзөт кызматына да арыз жазылган. Бирок маселебиз каралбай келет», — дейт Абдуллаева.

Ал эми Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынан жол ондолсо гана маселе чечиле турганын билдиришти.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️