Оштогу координациялык кеңешмеде милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгү талкууланды

TurmushБүгүн, 24-март күнү Ош шаарында ЕККУнун Ош шаарындагы программалык кеңсесинин колдоосу менен ИИМдин көчмө кабылдамасынын (МКК) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана аны өнүктүрүү максатында эки күндүк координациялык кеңешме башталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан 50гө жакын өкүлдөр, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев, мобилдик унааларды колдоо ассоциациясынын директору, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров, ички иштер министринин кеңешчиси, милициянын полковниги Абдумалик Мамыров, Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн башчысы Таалай Алижанов, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Абитов катышты.

Облустун бардык аймактарынан келген мобилдик унаалардын ишмердүүлүгүн колдоо боюнча ассоциациясынын өкүлдөрү, Ош шаардык ички иштер башкармалыктарынын борбордук аппаратынын кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басарлары, жарандык уюмдардын өкүлдөрү милициянын көчмө кабылдамасынын (МКК) эффективдүүлүгүн жана милиция айымдарынын ролун жогорулатуу сыяктуу маселелерди талкуулашты.

Мындан тышкары ассоциациянын аймактардан келген ар бир өкүлү катышуучуларды өз аймагындагы МККнын ишинин өзгөчөлүктөрү менен тааныштырып, көйгөйлүү жана артыкчылыктуу багыттарды аныктоого мүмкүнчүлүк алышты.

Бүгүнкү күндө Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда 8 милициянын көчмө кабылдама унаасы иш алып барууда. Жыйындын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, ассоциацияны мындан ары өнүктүрүүнүн стратегиясы жана МКК командалары тарабынан калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча стратегия иштелип чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️