Оштогу «Кадастрда» кезек күткөндөр боюнча башкармалык жооп берди

Акыркы жанылыктар

TurmushСоциалдык тармактарда мекемеде адамдар кезек күтүп, кабылдама терезесинде кызматкерлер толук иштебей жаткандыгы боюнча маалымат тараган. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Оштогу башкармалыгынын башчысы Адилет Мокеев бул көрүнүш убактылуу экенин билдирди.

«Административдик аймактык реформанын жыйынтыгы менен Кара-Суу районунан Ош шаарына 100 миңден ашуун жашоочу өттү. Булар Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн, Папан, Шарк айыл өкмөттөрү. 1-сентябрга билдирме алыш үчүн техпаспортторун алмаштырып жатышат. Бул убактылуу көрүнүш, 10-сентябрдан кийин кезек күткөндөр басаңдайт. Мурда бир терезеге 10 адам кезекке турган болсо, азыр 100гө жакын жарандар турушат. Ошол себептен убактылуу тыгын жаралып жатат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️