Пример HTML-страницы

Оштогу ишкерлерге борбордон келген адистер ККМ жана эсеп-фактураны колдонууну үйрөтүштү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 20-июнда Ош шаарындагы базарлардын ишкерлерине борбордон келген адистер кассалык көзөмөл аппаратын, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын жана эсеп-фактураларын колдонууну үйрөтүштү.

Мамлекеттик салык кызматынын методология башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөөнү регламенттөө бөлүмүнүн башкы инспектору Бегимай Алмазбекованын айтымында, бул иш-чара ишкерлерге жаңы технологияларды жана эсеп жүргүзүү ыкмаларын үйрөтүүгө багытталган.

«Салык кызматкерлери Ош шаарында жайгашкан борбордук базарлардын ишкерлерине башка салык режимине өтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле жолугушуунун алкагында ишкерлерге бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынын шарттары жана электрондук салык кызматтары жөнүндө кеңири айтып бердик. Мындан сырткары ишкерлер электрондук эсеп фактура, электрондук товардык транспорттук коштомо жана ККМди колдоону боюнча маалымат менен тааныштырып жана техникалык каталарды кетирбөөгө үйрөттүк», — деди Алмазбекова.

Түшүндүрүү иштери боюнча Мамлекеттик салык кызматынын атайын салык режимдерин контролдоо башкармалыгынын башкы инспектору Айнура Султаналиева айтып берди.

«Ишкерлер арасында туура эмес маалымат алып, каршылык көрсөткөндөр болуп жатты, бирок түшүнүк пайда болуп баштады. Ошентсе да ЭТТКК жөнүндө электрондук эсеп фактураны, ККАны колдонуу боюнча түшүндүрүү ишин жүргүздүк, — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE