Оштогу «EREM» спорт клубу, Матраимовдордун үйүнүн жанындагы мейманкана жана 3 объект мэрияга өттү. Депутаттар макулдук берди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык кеңешинин депутаттары бир катар жер тилкелерди, объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүүгө макулдук берди. Тиешелүү токтом 2024-жылдын 10-сентябрында кабыл алынды.

Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 18-июлундагы чечими эске алынды.

Төмөндөгү мамлекеттик менчиктеги мүлктөрдү Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилди:

— Ош шаарынын Спортивная көчөсүнүн №1В дарегинде жайгашкан жалпы аянты 8000,0 чарчы метр жер тилкесиндеги аянты 511,03 чарчы метрди түзгөн тураксыз жай — күрөш залы (бирдейлештирилген коду: 5-11-10-0237-0203);

— Ош шаарынын Спортивная көчөсүнүн №1Б дарегинде жайгашкан жалпы аянты 2280,0 чарчы метр жер тилкесиндеги аянты 729,28 чарчы метрди түзгөн курулушу бүтө элек тураксыз жай — күрөш залы (бирдейлештирилген коду:5-11-10-0237-0197);

— Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн №17 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1468,0 чарчы метр жер тилкесиндеги аянты 533,10 чарчы метрди түзгөн тураксыз жай (бирдейлештирилген коду: 5-11-03-0101-0049);

Пример HTML-страницы

— Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн №234 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1313,0 чарчы метр жер тилкесиндеги аянты 1128,97 чарчы метрди түзгөн тураксыз жай (бирдейлештирилген коду: 5-11-02-0071-0089);

— Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №222/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 3626,0 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси (бирдейлештирилген коду: 5-11-02-0071-0232).

———————————————————-

Turmush 2024-жылдын сентябрь айынын башында Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастан Мурзалиевге шилтеме берүү менен бир катар жер тилкелер, объекттер муниципалдык менчикке алына турганын жазган.

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөн объект жана жерлер:

— Ош шаарынын Спорт (ул. Спортивная) көчөсүнүн №1В дарегинде жайгашкан жалпы аянты 8000 чарчы метр жер тилкесиндеги аянты 511,03 чарчы метрди түзгөн тураксыз жай — күрөш залы («Динамонун» оюн ойноочу аянтчалары);

— Ош шаарынын Спорт көчөсүнүн №1Б дарегинде жайгашкан жалпы аянты 2280 чарчы метр жер тилкесиндеги 729,28 чарчы метрди түзгөн курулушу бүтө элек тураксыз жай — күрөш залы («Динамо» залынын бир бурчу);

— Ош шаарынын Спорт көчөсүнүн №17 дарегиндеги аянты 1468,0 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан 533,10 чарчы метрди түзгөн тураксыз жайы (Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын алдындагы мейманкана);

  • Бул имарат Бажы кызматынан төрөгасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов менен Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибековдун үйлөрүнө кошуна жайгашкан.

А.Келдибековдун, Матраимовдордун үйлөрү жана мейманкана

— Ош шаарынын Спорт көчөсүнүн №234 дарегинде жайгашкан аянты 1313 чарчы метр жер тилкесиндеги 1128,97 чарчы метрди түзгөн жалпы тураксыз жай («EREM»);

«EREM» спорт комплекси

— Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №222/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 3626,0 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси (Ош айыл чарба техникумунун мурдагы спорт аянтчасы).

2024-жылдын февраль айынын башында УКМК Башы кызматынын төрагаснын мурунку орун басары Райым Матраимовдун мамлекетке өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлкү 34 млн 810 долларга же 3 млрд 98 млн 134 миң сомго бааланарын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️