Оштогу чайканага барган тургундар тамактагы эт менен жумуртка жыттанып кеткенин айтышты. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарындагы чайканага барган тургундар тамакка кошулган эт жана жумуртка жыттанып кеткенин айтышты. Алар чайкананын ашпозчусунан жана ээлеринен түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Окуя 2024-жылдын 8-июлунда Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү Таш Мияшев көчөсүндө жайгашкан «Дархан» чайканасында болгон.

Шаар тургуну Феруза Аттокурованын айтымында, жакындарын тамактандырууга чакырышкан. Бирок 25 адамга берилген Ташкент палоосунун (аш) эти менен жумурткасынын даамы бузулуп, жыттанып кеткенин айтып, чууга түшүшкөн. Ошондой эле биринчи тамактын да даамы начар экенин айтышкан. Алар ашпозчуну чакырып, аштын үстүнө эти жок эле сөөктөрдү коюп койгонуна нааразы болушкан.

Кардарлар чайкананын администрациясына кайрылып, чайкананын ээсин чакырууну талап кылышкан. Жетекчилердин бири келип, ал күнү башкы ашпозчу суранып кеткенин, катардагы жардамчы иштегенин айтып, ашка сөөк кошулбай турганын билдирип, кечирим сураган. Бирок нааразы болгон тарап тамакты санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна лабораторияга берип, текшерте турганын билдиришти.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️