Turmush — Бүгүн, 30-октябрда президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө 9 айдын жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык жыйын өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жыйынга президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, орун басарлары, акимдер, райондук маанидеги шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары катышты.
Коллегияда өкүлчүлүктүн аппаратынын жетекчиси Сабырбек Самидин уулу электрондук документ жүргүзүү тутуму аркылуу документтердин катталышын жана аткарылышын көзөмөлдөөнү талапка ылайык жүргүзбөгөндүгү үчүн Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Кызыл-Октябрь айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын орун басарларына, жооптуу катчыларына жана Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысына сөгүш берилерин айтты.
Ошондой эле аткаруучулук тартипти камсыз кылууга жетиштүү көзөмөл кылбагандыгы үчүн:
— Төрт-Көл, Ийри-Суу, Куршаб айыл өкмөттөрүнүн башчыларына, Өзгөн шаардык мэриясынын аппарат жетекчисине;
— Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа, Сары-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларына, Ой-Тал, Кара-Гуз айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын орун басарлары, жооптуу катчыларына;
— Алай районунун Курманжан датка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жооптуу катчысына, Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына эскертүү тартиптик чарасын көрүү Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрация башчылары — акимдерге сунуштоо тууралуу сунуш коллегиялык отурумга киргизилген.
Натыйжада коллегиялык жыйындын мүчөлөрү аталган сунушту колдошту.