Пример HTML-страницы

Оштогу бала бакчада тартылган видео интернетке тарады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Кара-Суу районуна караштуу Манас айыл аймагында (мурдагы Нариман айыл аймагы) жайгашкан бала бакчанын тарбиячысынын үстүнөн милицияга арыз түштү. Бул маалыматты Turmush басылмасына Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Окуянын видеосу социалдык тармакка тарады. Видеодон тарбиячы 2 жаштагы баланы уктоочу бөлмөгө алып кирип, жалгыз калтырып, эшикти жаап кеткенин көрүүгө болот. Бала «апа» деп ыйлап, эшикти каккылаган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 2024-жылдын 13-июнунда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Манас айыл аймагынын К.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылы туулган К.А. аттуу баласын бала бакчада тарбиячысы уктоочу бөлмөгө жалгыз калтырып койгондугун билдирген. Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2022-жылы туулган К.А.га карата соттук-медициналык жана соттук психоло-психатриялык экспертиза дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE