Оштогу ата-энелерди түйшөлткөн китеп көйгөйү. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЖаңы окуу жылында Ош облусундагы ата-энелер китеп жетишсиздигинен улам балдарына базардан, дүкөндөрдөн китеп алып берүүгө аргасыз болууда. Быйылкы алган китептер кийинки жылы жарабай жатканын Turmush басылмасынын кабарчысына ата-энелер билдиришти.

«Менин 3 балам мектепте окуйт. Былтыркы алган китептердин программасы өзгөрүп кетиптир. Быйыл кайра жаңы китеп алганга туура келип жатат. Жылда эле жаңы китеп алабыз. Жылда жаңы программалар кирип жатат деп, ата-энелерди кыйнап жатышат. Быйыл эми 6 китеп алып жатам. Орус тилдүү мектептер үчүн бардык предметтик китептерин алдым. Анткени мектепте окуучулар көп. Директор да түшүндүрүп айтты. Китеп жетпесе айласыздан алып беребиз да. Жылда китеп сатып алуу бизге кыйын», — деди жергиликтүү тургун Элдияр Келдибеков.

Дагы бир жашоочу Мелис Бепиевдин айтымында, бир китеп 250 сомго бааланууда.

«Биз дагы ата-эне катары китеп алганы келдик. Базардан таппаганды туугандардан алып жатабыз. Бир китептин баасы 250 сомдон экен. Мен кеминде 10дой китеп алышым керек. Биз китеп алып бергенибиз менен авторлору башка болуп калып, кыйынчылык жаратып жатат», — деди ал.

«Жылда китеп алабыз, былтыркы алган китептерибиз үйдө жатат. Менин 4 балам мектепке барат. Азыр 3-класста окуган кызыма бардык китеп жеткен жок. Бардык предметинен китеп алып жатам. Мектептен китеп алып калсак деле эскилер берилип, жыртылган, 1 же 2 бети жок болуп калат экен», — дейт Айнура Имашова.

Пример HTML-страницы

Самара Зулпукарованын 1 баласы мектепте окуп жатат. Анын айтымында, баласына 5 китеп сатып алды.

«Китептин жетишсиздигин мамлекет каржыласа жакшы болмок. Дүкөндөрдө китептерге акция болуп, анын арты менен арзаныраак алып жатам. Ошондо да кеминде 150 сомдон сатып алып жатабыз. Быйыл балам 5-класска барды. Ар жылда китеп алабыз. Алган китептерибизди мектепке тапшырып беребиз», — деди ал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2012-2022-жылдар аралыгында окуучулардын саны 1 млн 12 миң 303төн 1 млн 447 миң 717ге чейин өскөн (435 414 балага). Бул тууралуу 2024-жылдын август айында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев маалымат жыйында билдирген.

Анын айтымында, окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер кеминде 129 аталыштагы окуу китеби, окутуу өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерди кеминде 147 аталыштагы окуу китеби менен камсыз кылуу зарыл.

Мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына, предметтик стандарттарга жана окуу программаларына ылайык мектептерди окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 млн 236 миң 466 нускада окуу китеби керек.

Анын ичинен:

  • кыргыз класстар үчүн – 9 млн 625 миң 380 нуска,
  • орус класстар үчүн – 6 млн 716 миң 400,
  • өзбек класстар үчүн – 852 миң 748,
  • тажик класстар үчүн – 41 миң 938.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️