Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жер тилкелердин саны такталды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы Ак-Буура дарыясынын корук аймактарындагы курулуштарды, жер тилкелерин тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча түзүлгөн жумушчу комиссиянын иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн комиссиянын катчысы Ырысбек Токоев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 800дөй жер тилке каттоого алынды. Тийиштүү мамлекеттик органдардан түзүлгөн комиссия ал жерлердин документтерин текшерип, талдап жатат.

«Комиссия түзүлүп, үч ай иштедик. Азыр схемаларын даярдап, «Кадастр» мекемесинин Ош шаарындагы башкармалыгына бердик, «Кадастр» жер тилкелерин «отургузуп» [базага] берди. Эми алардын ичинен кайсы объектинин документи бар, кайсынын документи жок баарын тактап, анализ жүргүзүүдөбүз. Комиссия ишин жыйынтыктап бүттү. Азырынча жыйынтыктоочу сандар чыга элек. Жалпы мамлекеттик каттоого катталганы 800дөй объект болду. Биз алардын докуметтерин тактап жатабыз. Болжолдуу бир жуманын аралыгында иш кагаздарды тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз», — деди Токоев.

—————————————————————

14-июлда Ош шаарында катуу сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды жана Навои паркын каптаган. Селдин кесепетинен парктагы аттракциондорду да кыян суу каптады. Ошондой эле Ак-Буура дарыясында жайгашкан көпүрөлөрдү сел алып кеткен.

Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Пример HTML-страницы

Селдин кеспетинен 6 адам каза болгону болгон. Алардын арасында бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бар — аял киши жана анын 3 кызы «Мөл-Булак» эс алуу жайында селге агып кеткен. Ошондой эле 1985-жылы туулган аял сууга агып кеткен. Дагы бир тургун Озгур айылында жүк ташыган унаанын алдында калып каза болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-июль күнү Ош шаарына келип, борбордук базарга барды. Ал мындай сел 30 жылдан бери катталбаганын билдирген.

—————————————————————

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2024-жылдын 24-июлунда Ош шаарынын Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базарды башка жерге көчүрүү боюнча токтом кабыл алышкан.

Токтомдо белгиленгендей, Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базарды шаардын башка аймагына көчүрүү жана андан ары ал жерге соода-сатык дүкөндөрүн (контейнерлер, майда камоктор, сандыкчалар жана башкаларды) коюуга тыюу салынат. Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базардын ордуна аллея (тротуарлары жана веложолдору менен) Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларындагы нормаларга ылайык курулат.

Учурда Ош шаардык мэриясы Б.Осмонов көчөсүндө («Мегаполис» соода комплексинин тушунда) муниципалдык базар куруу боюнча иштерди аткарып жатат.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, алдын ала такталган маалыматтар боюнча, Ош шаарында жайгашкан муниципалдык жана жеке менчик базарларда, коммерциялык объекттерде жалпы 1480 субъект (анын ичинен контейнерлер, тамактануучу жайлар, дарыкана, сандык жана арабада соода кылгандар) эсепке алынып, болжол менен 387 млн 988 миң 200 сомдук зыянга учураган.

Ал эми Ош мэриясынын маалыматына караганда, селден 1000ден ашык адам жабыр тартты.

Ош шаарынын мэриясынын Ош шаардык борбордук базары башка жайга жылып жаткандыгына байланыштуу жаңы базарды куруу үчүн республикалык бюджеттен 3 жылдык мөөнөткө бюджеттик ссуда алууга макулдук берүү жөнүндөгү катынын негизинде Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №12 чечими эске алынып, токтом кабыл алынган.

Ош шаарында борбордук муниципалдык базарды куруу үчүн республикалык бюджеттен 3 жылдык мөөнөткө 543,6 млн сом бюджеттик ссуда алууга макулдук берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️