Оштогу 3 райондун акиминин биринчи орун басарлары эскертүү алды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 26-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 6 айда аткарылган иштер боюнча коллегиялык жыйын өтүп жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жыйынга президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылар, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.

Элчибек Жантаев Кара-Суу районунун кыдырып чыкканын, сел кирген үйлөрдүн айрымдары тазаланбай калганын эске салып, ишти өз учурунда аткарууга чакырды.

Жыйында Экономика жана коммерция министрлигинин Оштогу өкүлү калкты жумуш менен камсыздоо пландагыдай жүрбөй жатканына токтолду.

Ал эми облус башчысынын айтымында, Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары [Шакир Мамадалиев] 2 миң жумуш оруну түзүлгөнүн билдирген. Бирок тиешелүү кызматтар менен тактап келгенде 2 миң жумуш орунунун жарымы да түзүлбөгөнү аныкталды.

Пример HTML-страницы

Жыйындын жүрүшүндө бир катар иштер аткарылбагандыгы үчүн Чоң-Алай, Араван, Кара-Суу райондук администрациясынын башчылары — акимдердин биринчи орун басарларына эскертүү берилди.

— Араван районунун акиминин биринчи орун басары болуп Аскарбек Ахматов;

— Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары болуп Улан Батыров;

— Чоң-Алай районунун акиминин биринчи орун басары болуп Абдибаит Акматов иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️