Пример HTML-страницы

Оштогу 3 өспүрүмдүн өмүрү кыйылган жер

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын Озгур айылындагы кырсыктан 3 өспүрүм каза болду. Turmush басылмасынын кабарчысы кырсык болгон жерди көрүп келди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2-июнга караган түнү саат 02:00 чамаларында Ош шаарына караштуу Озгур айылынын Тотоев көчөсүндө айдоочу «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааны башкара албай, жолго жакын аккан каналга түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана эки жүргүнчү каза болду.

Жергиликтүү тургун Сайракан Орунбаеванын айтымында, каналдын жээгинен унаалардын өтүүсүнө тыюу салынган.

«Бул жол негиз кооптуу жер. Унаалар каттабасын деп тиешелүү чечимдер чыккан. Бирок ага карабай каттай беришет. Көбү билбейт экен. Эч ким кайрылбайт. Жалгыз мен кайрылып жатып, 500 метрдей жерге асфальт төшөлдү. Буга чейин дагы мындай кырсык болгон. Эки ай мурун эки жаш бала унаасы менен каналга түшүп, көпүрөгө такалып, туруп калган. Алар тирүү чыккан. Элдин жардамы аркылуу чыгып кеткенге үлгүрүшкөн», — деди ал.

Каза болгон жарандар:

— Озгур айылынын 2006-жылы туулган тургуну, Кара-Суу районунун «Ак-Буура» мектебинин бүтүрүүчүсү Т.Б. Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, рулда болгон;

— Озгур айылынын 2008-жылы туулган тургуну, Ош шаарынын С.Алымкулов атындагы орто мектебинин 9-класынын окуучусу Т.К.;

— Ноокат районунун Калдай айылынын 2008-жылы туулган тургуну, мектеп окуучусу К.Н. Ал каза болгон Т.К.нын үйүнө келген.

Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, 2006-жылы туулган Т.Б. атасына таандык болгон «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын уруксатыз үйдөн айдап чыгып, Озгур айылынын Тотоев көчөсү аркылуу батыштан күн чыгыш тарапты көздөй айдап бара жатып, жол бойлой шар аккан каналга унаа түшүп кеткен.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE