Turmush — Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда ири өнөр жай ишканаларын пайдаланууга берүү пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Суу жана Ноокат райондоруна иш сапар менен барды. Анда облус жетекчиси жакында ачыла турган ири өнөр жай ишканасын көрүп, курулушуна старт берүү алдында турган заводдордун долбоорлору менен таанышты.
Алгач ыйгарымдуу өкүл Кара-Суу районунда болду. Анын алкагында Ынтымак айыл аймагында курулушу дээрлик аяктап, жакында ачылуу алдында турган «Ош таза көмүр» ишканасы менен таанышып чыкты. Аталган ишкана бышкан кыш жана көмүрдү кайра иштеп чыгарат. Завод ишке киргенден кийин 350 жумуш орун түзүлөт.
Ишкананы куруу иштери 2024-жылдын башында башталган. «Ош таза көмүр» ишканасы жалпы 810 млн сомго инвесторлор тарабынан курулду. Ишкананын өндүрүмдүүлүгүнүн жылдык планы — 50 млн кыш чыгаруу.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Ош таза көмүр» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Давронова Марина Бахтиёровна, түзүүчүлөрү — Давронова Марина Бахтиёровна, Цай Хуалан жана Нинг Сингчжон. Компания 2023-жылдын 25-октябрында каттоодон өттү. Негизги ишмердүүлүгү: таш көмүр казуу.
Давронова Марина Бахтиёровна «Коул Индастри» ЖЧКнын жетекчиси жана түзүүчүлөрүнүн бири катары көрсөтүлгөн. Экинчи түзүүчүсү — Жолонов Чынгызторо Алайбекович. Компания 2024-жылдын 24-майында каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: көмүрдөн жана чым көңдөн брикет өндүрүү.
Ал эми Отуз-Адыр айыл аймагында көмүр брикет чыгаруу заводу жана эски аккумуляторду иштетип, жаңы аккумулятор чыгара турган ишканалар курулат, долбоор даярдалды.
Көмүр брикетин чыгаруучу заводдун инвестициялык суммасы: 3 млн доллар. Өндүрүштүн көлөмү — 1 жылда 500 тонна көмүр брикетин өндүрөт. Ишкана ишке кирсе, 100 жумушчу орду түзүлөт.
Ал эми эски аккумуляторду иштетип чыгаруучу ишкананын жалпы каражаты 950 миң долларды түзүп, көлөмү 1 жылда 100 миң даана аккумулятор чыгарууга ыңгайлашкан.
Андан кийин Элчибек Жантаев Манас айыл аймагынын Зарбдар айылында «Жети баатыр» жоокерчилиги чектелген коомунун [компаниянын жетекчиси жана түзүүчүсү — Махмудов Мухаммадмусо Мухамадалиевич, компания 2023-жылдын 24-январында каттоодон өткөн] колбаса жана сүт азыктарын кайрадан иштеп чыгаруу цехинин курулушун көрдү. Учурда имараттын пайдубалы курулуп жатат. Ишкананы курууга жалпы өздүк каражаттан 1 млн 4 жүз миң доллар жумшалат. Завод ишке кирсе 400 адам иш менен камсыз болот.
Ноокат районунун Т.Кулатов айыл аймагында жер семирткич заводун куруу үчүн даярдык көрүлүүдө. Бүгүнкү күндө «Кыргыз жер семирткич» заводунун [Буга чейин Turmush Кытайдын Hebei Baidujia Fertilizer Co., Ltd. компаниясы инвестор экенин жазган] курулушун баштоого даяр. Жакында курулушка капсула салуу аземи болот.
Курулуштун жалпы баасы 260 млн долларды түзөт. Негизинен гумин жер семирткичин чыгарат.
2024-жылдын июль айында Кытай Эл Республикасынын Хэбэй провинциясынын Чжэндин шаарында Ош облусуна жер семирткич чыгаруучу заводдун курулушу боюнча меморандумга кол коюлган.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында Айыл чарба министрлиги менен келишим түзүлгөн.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.