Ошто жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар жана компания жетекчилери менен жолугушуу өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 9-июлда президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө жыйын өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Жыйынга жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Ош шаары, Ош, Баткен облустарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген маршруттук каттамдарды тейлеген ЖЧКлардын жетекчилери, айдоочулар катышты.

Иш-чара жеңил автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды лицензиялоо, автоунаа транспортторго видео байкоочу аппараттарды коюу маселесин талкуулоо максатында уюштурулду.

Жыйындын жүрүшүндө Эмил Жакыпов ЖЧКлардын жетекчилери жана айдоочулар тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️