Ошто жолдун азабын тарткан айдоочулар акча топтоп, шагыл төшөтүп жатышат (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы Тажик көчөсү кейиштүү абалда. Бул тууралуу айдоочулар кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул жол №120, №49, №305, №161, №160, №127 жана Ош-Өзгөн, Ош—Куршаб, Ош—Отуз-Адыр, Ош—Мамажан жана башка каттамдар каттаган негизги жолго айланды. Бул жол аркылуу Кара-Суу районун Отуз-Адыр, Ынтымак, Баш-Булак, Өзгөн жана Алай, Чоң-Алай райондоруна барган айдоочулар да жүрүп жатат.

№127 коомдук автоунаасынын айдоочусу Баатырбек Атамбаев мэрияны карап отурбай аталган көчөгө шагыл төшөө маселесин айдоочулар өздөрү колго алып жатканын айтты.

«Ош—Отуз-Адыр, №127 каттамдарынын айдоочулары 200 сомдон чогултуп, балдар азыр шагыл төгүп жатышат. Эми ушул жолду карап койгонго болбойбу? Болгону 1 чакырымдан көбүрөөк узундуктагы көчө болсо, аны да карабай жатышат. Жолдун абалы өтө начар, автоунаанын бардык жерин сындырып жатат. Кээде бул көчө да унаа тыгынына толуп калат. 10 унаа эле шагыл кетсе керек, ошону төгүп, жайып коюшса болот да. Эч жакка деле кайрылганыбыз жок. Кайрылсак эле эмне болот эле?», — деди ал.

Жол азабы айдоочуларды гана эмес, жүргүнчүлөрдүн да көкөйүнө тийген. Мурда жогорудагы коомдук транспорттун автоунаалары Ы.Монуев көчөсү аркылуу каттаса, азыркы күндө А.Масалиев проспектиси менен А.Шакиров көчөсү аркылуу Тажик көчөсү менен каттоого мажбур болушууда.

Пример HTML-страницы

«Коомдук транспорт менен каттагандарга да абдан кыйын. Көп көчөлөрдө унаа тыгынына кабылып, анан бул көчө аркылуу каттап кыйналып бүттүк. Элге эле кыйын болуп жатат. Эми ошону эске алып, өкмөт тарабынан жардам кылып, ушул жолдорду ачып, кенен кылып, оңдоп коюшса жакшы болмок эле»,- деди жүргүнчүлөрдүн бири.

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Жеңиш Шоноев Тажик көчөсүнүн оңдоп-түздөө быйылкы жылкы бюджеттин эсебинен каралган эместигин айтты.

«Кечээ жакында эле Шамшиев көчөсүнө шагыл төшөлдү. Тажик көчөсүндө асфальт жок. Ал жерге шагыл төгүп, башка нерсе кылганга да болбойт окшойт. «Щебень» төгөт окшойбуз. «Щебень» төгүү маселесин кийинки жылкы бюджетке сунуштайбыз. Быйылкы жылкыга акча жок», — деди ал.

Эки деңгээлдүү көпүрөнүн курулушун тездетүү максатында Ош мэриясы 25-октябрь күнү түнкү саат 23:00дө бир нече көчө кесилиштери жабыларын билдирген.

«Ы.Монуев көчөсүндө жолду кеңейтүү боюнча иштер жүрүп жаткандыктан, бүгүн 25-октябрда саат 23:00дөн баштап аталган көчөнүн А.Масалиев көчөсү кесилишинен Увамская көчөсүнө чейинки аралык («Юрфа» медициналык клиникасы) унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Ал эми Ы.Монуев көчөсү менен А.Алимжанов көчөсүнө чейинки бөлүктүн бир тарабы унаалар үчүн ачык болот. Мындан тышкары Монуев көчөсүнө кошумча ички жолдор ачылат.

Унаа ээлерин жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана кыймыл үчүн алдын ала унаа каттамдарын башка багыт боюнча тандап алууну суранабыз»,- деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️