Ошто жогорку окуу жайдын мугалими 42 жашында көз жумду. Кырсыктын жагдайлары

Акыркы жанылыктар

TurmushОш мамлекеттик университетинин дене тарбиячы мугалими жол кырсыгынан каза болду.

Turmush басылмасына маалым болгондой, окуя 2024-жылдын 4-июлунда «Ош» эл аралык аэропортуна бара жаткан жолдо (Юлдашев көчөсү) катталган. Анда «Ниссан Примера» (Nissan Primera) унаасын башкарып келе жаткан айдоочу жол жээгинде велосипед тээп бара жаткан адамды артынан сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу оор жаракат алып, Ош шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген. Ал төрт күндөн кийин, тактап айтканда 8-июль күнү өзүнө келбей көз жумган.

Алдын ала маалымат боюнча, мугалимди сүзүп кеткен айдоочу — Кара-Суу районунун Лангар айылынын 1994-жылы туулган тургуну.

Бул маалыматты каза болгон мугалимдин кесиптештери тастыктады. Маркум ОшМУнун табият таануу, туризм, дене тарбия жана агрардык технологиялык институтунун №2 факультеттер аралык дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Осмон Караев экени айылды.

Кесиптештери Осмон Караевди алдыңкы педагог катары эскеришти. Ал волейбол боюнча спорттун чебери жана жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону болчу.

Осмон Караев 1982-жылы Ош облусундагы Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында туулган. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️