Пример HTML-страницы

Ошто жасалма долларларды таратууга шектелген адамдар кармалды (сүрөт)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОшто жасалма акча таратууга шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Ош ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 26-июнь күнү Ош ОИИБге Кара-Суу шаарынын 2006-жылы туулган А.У. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 11-июнь күнү 30-35 чамасындагы белгисиз адам «iPhone 14 P» үлгүсүндөгү 2 телефонду жасалма 1400 доллар берип алып, изин жашырып кеткенин билдирген.

Бул факты каттоого алынып, күмөн жараткан 1400 долларга соттук-техникалык экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, аталган акчалар түстүү принтерден чыгарылганы аныкталган. Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) боюнча кылмыш иш козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Анын натыйжасында кылмышка шектүү катары Кара-Суу районун 1994-жылы туулган тургуну Р.А. жана 1992-жылы туулган Б. уулу Б. кармалып, убактылуу камакка алынды.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Алардан жабыр тарткандар болсо Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына кайрылса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE