Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын март айында Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин (документтердин жасалмасын жасоо) негизинде козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам тергөө амалдары башталган. Ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун мурда соттолгон тургуну — 1993-жылы туулган Б.уулу Б. (ИИМдин каттосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат, каймана аты «Этор») кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Ал расмий документтерди жасалмалап, өз кызыкчылыгына пайдаланган деп шектелүүдө.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️