Ошто ун менен өсүмдүк майы канча сомго чейин кымбаттады?

TurmushОш шаарындагы борбордук базарда күндөн-күнгө азык-түлүктүн баасы өзгөрүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сатуучулар мунун себебин доллардын баасы тынымсыз өзгөрүп жатканы менен байланыштырып жатышат. Соодагерлер бул көрүнүш аларды да түйшөлтүп жатканын айтышат.

«Ун, май, кумшекер, баары эле кымбаттап жатат. Бул доллардын көтөрүлүшүнө байланыштуу болууда. Бирок доллар түшсө деле арзандабай жатат. Мисалы, 1 ай мурда 8 кг ундун баасы 480 сомдон болсо, азыр 520 сомдон сатылууда», — дейт Хадиче аттуу соодагер.

Учурда 1 кг ундун баасы 45 сомдон 65 сомго чейин, ал эми 1 кап ун 2200-2650 сомдун тегерегинде сатылууда. Бул баа 2 жума мурункуга салыштырмалуу 450 сомго кымбат.

Өсүмдүк майынын баасында да өзгөрүү бар. Анын 1 литри 150 сомдон 170 сомго чейин, 3 литри 520-540 сомдон, 5 литри 750-880 сомдун тегерегинде бааланууда. Мындан 1 ай мурун 5 литр майдын баасы 720 сомдон 850 сомго чейин сатылып жаткан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️