Пример HTML-страницы

Ошто Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн имаратынын жана кабыл алуу үйүнүн курулушу башталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарында Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн административдик имаратынын жана кабыл алуу үйүнүн курулушу башталды.

Бүгүн, 31-майда курулушка капсула салуу аземи болуп өттү. Административдик комплекстин курулушу мамлекет башчынын тапшырмасы менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына карата жүргүзүлүүдө.

Иш-чарага тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев, министрликтин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана Ош шаарындагы дипломатиялык корпустун жетекчилери катышты.

Долбоорго ылайык, имарат комплексинин жалпы аянты 2580 чарчы метрди түзөт. Анда жыйындар залы, ар кандай форматтагы беш жолугушуу залы, кызматкерлер үчүн кеңсе, ошондой эле консулдук-укуктук жана виза маселелери боюнча жарандарды кабыл алуу борбору болот. Курулушту ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE