Пример HTML-страницы

Ошто туристтик взводдун туристтик сезонго даярдыгы текшерилди

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын жайкы туристтик мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүүдө коомдук тартипти камсыздоо максатында кечээ, 10-июнда Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын саптык аянтында туристтик взводдун кызматкерлерине саптык кароо өткөрүлдү.

Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов 2024-жылкы жайкы туристтик мезгилде коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

«Жардам сурап кайрылган жарандарга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, унаа тыгындарын, ар түрдүү одоно тартип, укук бузууларга жол бербөөнү колго алыңыздар. Пансионат, эс алуу борборлорунда, лагерлерде, ден соолукту чыңдоо жайларында жана эл көп чогулган жерлерде коомдук тартип сакталсын. Чет элден келген коноктордун коопсуздугу белгиленген тартипте сакталып, адамдардын, жаш балдардын дайынсыз жоголуп, же сууга чөгүп кетүүсүнө бөгөт коюу жумуштары жүргүзүлсүн. Элдин арыз-даттануулары боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынсын», — деди ал.

Иш-чарадан соң туристтик взводунун кызматкерлери Ош облусунун аймагына келген туристтерге коопсуздук чаралары тууралуу жарандар үчүн атайын даярдалган буклеттерди таратышты.

«Ош облусунда жайкы мезгилде эс алууга ыңгайлуу, туристтердин көңүлүн бурган бир катар тоолуу аймактар бар. Учурда Ош облус аймагында коомдук жайларга орнотулган видеокамералар күнү-түнү иштеп жатат. Аны менен катар аймактык тескөөчүлөр дагы боди-камералар менен камсыздалып баштады», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE