Ошто тооктун баасы арзандады. Алар кайсы айларда жакшы сатылат? (видео)

TurmushОш шаарынын борбордук базарында тоок, короз, жөжө сатылган жай бар. Бул жерде тооктордун баасы арзандаганын аймактык кабарчы билдирди.

Хикматилло аттуу сатуучу тоок базар тууралууу баяндап берди.

«Тоок базарда көбүнчө ишемби, жекшемби күндөрү соода жакшы болот. Бул жакка келгендер тооктордун породасына, канча күндүк же канча жылдык экенине карап алышат. Жөжө чыгарууга даяр болуп калган тооктор жакшы сатылат. Короздордун жакшылары да тез сатылат. Бирок жай айларында соода кайра басаңдап калат», — деди Хикматилло.

Тоок сатуунун да өз мезгили болот. Мезгилге карап баалар өзгөрүп, кээде көтөрүлсө, кээде төмөндөп турат. Учурда тооктордун баалары төмөндөп турган кези. Короздор 1,5 сомдон 3 миң сомго чейин бааланса, тооктор 500 сомдон 2 миң сомго чейин болууда. Мисалы, түстүү тооктор 1,5 миң сом, жумурткасы 100 сомдон сатылат.

«Короздор, тооктор көп жылдык болсо арзан болот. Себеби жашы чоңдордун эти каттуу болот. Эң жакшы сатылган мезгил январь, февраль, март айлары. Азыр арзандап баштады. Жүгөрү, буудай жешет», — дейт сатуучу.

1-2 күндүк болгон жөжөлөр да сатууга коюлуп, талашта турганын байкоого болот. Үйдө багылган жөжөлөрдүн бирөөсү 60-70 сомдун тегерегинде сатылат.

Пример HTML-страницы

«Жөжөлөр 1 күндүк болгондо эле сатыкка алып чыгабыз. Булар жүгөрүнүн эң майдасын жешет. Анда жөжөгө керектүү витаминдер көп болот», — деди сатуучу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️