Ошто «Тойотада» бара жаткан жубайлар жан берди. Каргашалуу кырсыктын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 21-июлда Ош—Ноокат унаа жолунда жол-транспорт кырсыгы катталып, 2 адам каза болуп, 3 адам ооруканага түштү.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, кырсыктан Гүлистан айыл аймагынын тургундары — жубайлар каза тапты. Ооруканага түшкөндөр да бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Turmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, 21-июль күнү саат 17:20 чамасында Ош—Ноокат унаа жолунда, тактап айтканда Жапалак айылында 1996-жылы туулган М.М. «Хендай Портер» үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып келе жатып, жолдун каршы тилкесинде келе жаткан 1954-жылы туулган Т.Ш.нын башкаруусундагы «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унаа менен бет маңдай кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ш.Т. жана жанындагы жубайы — 1977-жылы туулган К.А. окуя болгон жерде каза болду. Жүргүнчүлөр — 1984-жылы туулган Т.М., 1994-жылы туулган Т.Б., 2001-жылы туулган Т.М. денесинен жараат алып, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️