Пример HTML-страницы

Ошто тез жардам унаасына жол бербеген айдоочуларга 60 000 сом айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 2-майда Ош шаарынын аймагында «Маяк» аталышында рейд өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Рейд учурунда тез жардам унаасы кетип бара жатканда тоскоолдук жаратып, жолду бошотпой койгон 6 унаа айып короого токтотулуп, унаанын ээлерине 10 миң сомдон айып пул салынды.

«Муну менен катар шаар ичинде токтоого мүмкүн эмес болгон жол белгилери турганына карабай, жол четине унааларын токтотуп коюп жатышат. Учурда туура эмес жерге токтотулган унаалар эвакуатордун жардамы менен жолдон тазаланып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE