Ошто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 7-ноябрда Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, эскерүү иш-чарасына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Ош шаарынын мэринин орун басары, легендарлуу парламенттин депутаттары, Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери катышты. Анын алкагында «Өчпөс от» мемориалдык комплексинин жанына гүлчамбарлар коюлду.

7-8-ноябрда өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️