Ошто студенттер жана ыктыярчылар тарабынан балдар үчүн бир күндүк лагерь уюштурулду

TurmushОш технологиялык университетинин жаштар комитети «Үмүт жарыгы» кайрымдуулук фонду менен биргеликте Ош шаарындагы «Алтын уя» боорукердик үйүнүн жана шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына бир күндүк лагерь уюштурушту. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка караганда, уюштуруучулар тарабынан балдарга «Семетей» кинотеатрында мультфильм көрсөтүлүп, түшкү тамак берилип, андан кийин зоопаркка алып барышты. Балдарга жагымдуу маанай тартуулагандан кийин аларды өз даректерине жеткиришти.

Университет бул багытта көп иштерди жасап келет. Башка бирөөлөргө жардам берип, кайрымдуулук иштерди жасоону адат кылып алган ОшТУнун студенттери колдорунан келишинче аракеттерди көрүшүп, шаардын башка дагы ушул сыяктуу мекемелерине жардам берүүдө.

Коомдун аярлуу катмарына өзгөчө мамиле кылып, аларды дагы коомдун татыктуу мүчөсү кылып калыптандырууда жаштардын бул аракеттерине «Алтын уя» боорукердик үйүнүн жетекчилиги ыраазычылык айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️